• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Элнура Алканова кайра шайлоого катышуу ниетин билдирди

7 Үчтүн айы 2022 14:04 Бишкек Govori.TV

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Элнура Алкановадан 2022-жылдын 27-февралында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын кайталап шайлоодо №29 Свердлов шайлоо округу боюнча талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызы келип түшкөн.

Кошумчалай кетсек, журналист Алканова жыйынтыгы жокко чыккан 2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан » партиясы менен катышкан.

Буга чейин Бишкектеги эки округдан шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны 19га жеткени кабарланган.

Алардын арасында Биринчи май округунда мурдагы вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков, адвокат Нурбек Токтакунов, шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов, Бишкектин мурдагы вице-мэри Руслан Акылбеков, мурдагы күч кызматкери Анвар Сартаев бар.

Ал эми Свердлов округунан парламенттин мурдагы депутаттары Шайлообек Атазов, Ирина Карамушкина, Бишкек мэринин мурдагы кеңешчиси Гуля Алмамбетова, жарандык активист Назгүл Жолдошева, дарыгер Муратбек Султанбеков жана башкалар арыз берген.

Количество просмотров: 255