• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ЭлТР менен «ПолитКлиниканын» иши боюнча сот отуруму жылды

17 Бугу 2023 17:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-майда Биринчи май райондук соту мамлекеттик ЭлТР телеканалынын көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызы боюнча жараянды 6-июнга жылдырды.

“ПолитКлиниканын” адвокаттары доогерлер басылманын социалдык баракчаларына чыккан материалдагы кайсы маалыматтар жалган экени тууралуу доо арызга тактоо киргизиши керектигин айтышты. Ишти карап жаткан судья Жамиля Акылбекова ЭлТР телеканалынын юристин кийинки соттук жараянга кайсы маалыматты төгүндөөнү суранып жатканын так жазып келүүгө милдеттендирди.

Иш боюнча алдын ала угуу 18-апрелде өткөн.

Эске салсак, 4-февралда «ПолитКлиника» ЭлТРдин «Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес» дегени калп» деген тема менен ачык булактарга таянган материал жарыялаган. Анда басылма ЭлТРдин 31-январда чыккан «Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?» аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Ал эми ЭлТР «ПолитКлиникадан» видеоматериалды өчүүрүп, төгүндөөгө чыгарууну талап кылууда.

Мамлекеттик ЭлТР телеканалы «ПолитКлиниканы» сотко берип, моралдык зыян катары «ПолитКлиникадан» жалпы 10 млн сом, редакциянын өзүнөн 7 млн сом жана видеоматериалдын алып баруучусу, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 млн сом өндүрүп берүүнү суранып жатат.

Количество просмотров: 62