• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЭлТРдин “ПолитКлиника” медиасына каршы доосу боюнча сот отуруму жылды

11 Аяк оона 202318:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда ЭлТР телеканалынын “ПолитКлиника” медиасына каршы доосу боюнча сот отуруму өттү. Отурумда каржы министрлигинин, энергетика министрлигинин өкүлдөрү суралды.

Маалыматка ылайык, кийинки отурум 20-сентябрга белгиленди.

Эске салсак, 4-февралда «ПолитКлиника» ЭлТРдин «Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес» дегени калп» деген тема менен ачык булактарга таянган материал жарыялаган. Анда басылма ЭлТРдин 31-январда чыккан «Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?» аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген. Ал эми мамлекеттик ЭлТР телеканалы «ПолитКлиниканы» сотко берген.

Количество просмотров: 98