• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кемпир-Абад иши: Абактагылар сотко жеткирилди (видео)

22 Кулжа 2023 16:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-июнда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абаш иши боюнча айыпталуучулардын ишин сотто алдын ала кароо башталды.

Учурда сот залына УКМКнын тергөө абагында жаткан айыпталуучулар алынып келинди. Сот имаратына камактагы саясатчы, блогер, активисттердин жакындары чогулду.

Алардын бири саясатчы Жеңиш Молдокматов сот залына кирип бара жатып, эч кандай тергөө болбогонун айтты.

Белгилей кетсек, абактагылар да, үй камагында жүргөндөр да киргизилди. Жактоочулар кирген соң, эшик жабылып, иш жабык карала баштады. Журналисттер менен айыпталуучулардын жакындары сот залына киргизилген жок.

Былтыр 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жаткан. Мындан тышкары «Кемпир-Абад иши» боюнча кармалгандарга «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» беренеси менен да айыптар тагылган.

Количество просмотров: 209