• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Элтуйбасов боюнча маалымат ИИМ менен прокуратурада эки башка

5 Бирдин айы 2019 18:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.02.2019.Govori.TV.

Башкы прокуратура Ички иштер министрлигинин “Калыйбек Саляновду экстрадициялоо боюнча АКШга суроо-талап жөнөтүлгөн” деген билдирүүсүн четке какты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирген.

«Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортосунда экстрадициялоо боюнча макулдашуусу жок болгондуктан АКШнын компетенттүү органдарына аталган жаранды экстрадициялоо боюнча суроо-талап жөнөтүлгөн эмес. ИИМ тарабынан К. Элтуйбасовду экстрадициялоого байланыштуу тиешелүү материалдар Башкы прокуратуранын дарегине келбегендигин белгилегибиз келет»,-деп жазылат маалыматта.

Мунун алдында ИИМ министринин орун басары Мирлан Каниметов АКШда кармалган Калыйбек Саляновду экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратура аркылуу аталган өлкөгө суроо-талап жөнөтүлгөнүн билдирген. Ал Салянов Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча иште тергөө жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу боюнча шектүү катары өтүп жатканын кошумчалаган.

Эске салсак, Калыйбек Саляновдун АКШда кармалганы тууралуу кабар январь айынын ортосунда чыккан. Кийин анын карындашы, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова билдирүү таратып, агасы Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча шектүү катары эмес, миграциялык мыйзамдарды бузууга шектелип кармалганын айткан. Салянова бул иште агасынын айыбы жоктугун билдирген.

Количество просмотров: 11