Экс-депутат Эльвира Сурабалдиева бир мандаттуу округдан парламентке ат салышат. Бул тууралуу ал өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазды.
Маалым болгондой, Сурабалдиева Бишкектин Биринчи май районундагы бир мандаттуу округдан шайлоого катышат.
Белгилей кетсек, 28-ноябрдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо борбор калаанын Биринчи май жана Свердлов райондорунан талапкер болгондор колдоого ээ болгон эмес. Шайлоого келгендердин көбү «баарына каршы» деген добуш беришкен. Мындан улам эки округдагы шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган.
Элвира Сурабалдиева парламенттин алтынчы чакырылышына депутат, 2020-жылы бийлик алмашканда кыска мөөнөткө вице-премьер-министр болуп иштеген.