Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдагы Жаңы жылдык майрамдарды 12-январга чейин узартуу боюнча Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду.
Токтомдо 8-9-январдагы жумуш күндөрүн 2026-жылдын 7-февралындагы жана 25-апрелиндеги дем алыш күндөрүнө жылдыруу сунушталат.
Эмгек кодексинин 66-беренесине ылайык, 2026-жылы кыргызстандыктар 1-январдан 7-январга чейин эс алат. Бирок, министрлик эки жумуш күнүн жылдын башка ишемби күндөрүнө жылдыруу менен майрам күндөрүн узартууну сунуштайт.