• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иш мөөнөтүн узартуу сунушталды

19 Жалган куран 2020 9:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Түркияда киши колдуу болуп каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иш мөөнөтү узартуу сунушталды. Мындай сунушту депутат Закир Шарапов киргизди.

Белгилей кетсек, 20-февралда комиссиянын иш мөөнөтү бир айга жылдырылган.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

Количество просмотров: 87