Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы, эмгек сиңирген дарыгер Бектемир Мукамбетомуров эки тараптуу пневмониядан улам каза болду.
Бектемир Мукамбетомуров 1953-жылы Нарын облусунун Эмгекчил айылында туулган. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун педиатрия адистигин аяктаган.
2003-жылдан баштап Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын № 2 нейротравма бөлүмүн жетектеген. Нейрохирургдун эмгектери Жогорку Кеңештин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын ардак грамоталары менен сыйланган.
Бектемир Мукамбетөмүровдун артында эки кызы, үч уулу калды.