• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Эмгек жана миграция министринин орун басары кармалды

22 Бирдин айы 2024 10:34 Бишкек Govori.TV

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында үстүбүздөгү жылдын 21-февралында КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ч.У.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда аталган министрликтин башка кызмат адамдарынын бул ишке катыштыгын аныктоого багытталган зарыл тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Количество просмотров: 136