Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлиги көрсөтүлөт. Ал 2018-жылдын ноябрь айынан бери министрдин орун басары кызматын аркалайт.
Премьер-министр тарабынан сунушталган талапкер Жогорку Кеңештин регламенти, конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана сот укук маселелери, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитеттери тарабынан каралат.
Булак: Баракелде.