Бүгүн, 7-октябрда Чүйдөгү Аламүдүн районунун Лебединовка айылында жаңы сынак залдын ачылышы өттү. Эми «Унаа» мамлекеттик мекемесинен айдоочулук күбөлүк ала тургандар жаңы залда сынак тапшырышат.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, имаратта «Унаа» мекемесинин Бишкектеги бөлүмүнүн айдоочулук курамды каттоо сектору да жайгашкан. Эми бишкектиктер биринчи айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн сынак тапшыруу, айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу жана жаңы категорияга которууга даярдануу үчүн аталган залга кайрылышы керек.
Ал эми транспорт каражаттарын каттоо жана кайрадан каттоо маселелери мурунку даректе — Бишкек шаарындагы Валиханов көчөсүндөгү имаратта чечилет.