• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Эми депутаттар электр энергиясын үнөмдөөгө мыйзам менен мажбурлайт

29 Аяк оона 2021 15:57 Бишкек Govori.TV

Парламент «Кыргыз Республикасынын энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына («Электр энергиясын үнөмдөө жөнүндө», «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна карата коомдук угууларды өткөрөт. Бул тууралуу ЖКнын расмий сайтында жазылат.

Маалымат боюнча, коомдук угуу Жогорку Кеңешинин Коомдук кеңеши 2021-жылдын 30-сентябрында өтөт.

Кошумчалангандай, мамлекеттик каражаттарды кылдат пайдаланууну жана энергияны үнөмдөө потенциалын баалоону аныктоону шарттоочу энергоресурстарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу, аны ишке ашыруунун кыйла натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгуу, энергияны натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча уюштуруу, техникалык жана башка чараларды иштеп чыгуу жана негиздөө максатында, Кыргыз Республикасында “жашыл” экономикага өтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коомдук кеңеши тарабынан «Кыргыз Республикасынын энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору иштелип чыккан, анда («Электр энергиясын үнөмдөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилет.

Количество просмотров: 108