Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов борбор калаадагы ун саткан дүкөндөрдү, базарларды кыдырып, баалардын туруктуулугун текшерди.
«Күн сайын ушундай рейд жүргүзүп турабыз. Азыр карасам азык-түлүк саткан көп контейнерлер жабык экен. Биз келгенде сатуучулар качып кетишти. 5-6 күн мурда ундун баасы 2 миң сомго чыгып кеткенин көрдүк. Ун 1 миң 450 сомдон өйдө сатылбашы керек», — деп билдирди Азиз Суракматов.
Белгилей кетсек, буга чейин коронавирус коркунучуна байланыштуу коомчулукта чек аралар жабылып, тамак-аш тартыштыгы болору тууралуу маалыматтар тарап, базарларда, дүкөндөрдө ун, кумшекер, суу май алган адамдар көбөйгөн. Ал эми Бишкек мэриясы бааны жөнү жок көтөргөндөргө айып бул салынаарын билдирген.