• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Эми туулган күн мага мурункудай мааниге ээ болбой калды». Текебаев апасын эскерди

21 Бештин айы 2021 18:13 Бишкек Govori.TV

“Ата Мекен” партиясынын лидери  келе жаткан  туулган күнүн утурлай апасына кат жазды. Ал өз катын соцтармактагы баракчасына жайгаштырды.

Белгилей кетсек, 22-декабрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты 63 жашка чыгат.

Төмөндө Өмүрбек Текебаевдин  билдирүүсүн толугу менен беребиз:

Эртең менин туулган күнүм. Туулган күнүм менен баарынан биринчи апам телефон чалып куттуктайт эле. Менин туулган күнүмдү чыдамсыздык менен күтүп, куттуктаганга шашкан адам апам эле. Анысын билип, мен да апамдын звоногун күтөт элем. Эртең андай звонок болбойт. Билсем да андай звонокту күткүм келет. Эми туулган күн мага мурункудай мааниге ээ болбой калды.

2016-жылы күзүндө мен айылга бардым. Айылга барган сайын апам менен бир бөлмөдө, апам диванда, мен жанына полго төшөк салдырып жатчумун. Түн бир оокумга чейин айылдагы жаңылыктарды сүйлөшөт элек.

Бир жолу апам “менин да бара турган убактым болду, мени менен теңдер 15-20 жыл мурда өтүп кетишти, андан кийин өзүмдөн 15-20 жаш кичүү келиндер менен достоштум, алар да өтүп кетишти” деп сөз козгоп калды. Мен “апа, алдыда сен көрө турган чоң-чоң окуялар, жакшылыктар көп, шашпа” деп айттым. Бирок, ичимден “биз эмнени туура эмес кылдык, эмнеге апам бул дүйнөдөн тажап кеткиси келип жатат” деп көпкө бушайман болуп жүрдүм.

Бир нече айдан кийин, 2017-жылдын февралында Венадан кайтып келе жатканымда мени Атамбаевдин буйругу менен кармап, УКМКнын СИЗОсуна камашты. СИЗОнун башчысы Бакыт деген жигит жумасына бир жолу апам менен телефон аркылуу сүйлөшкөнгө уруксат берет эле. Телефондон апамдын үнү чыйрак, кайраттуу чыгып калыптыр. Ошондо мен Бакытка: “Бакыт, менин камалганымдын терс эле жагы эмес, жакшы жагы да бар. Бул дүйнөдөн чарчадым деп кеткиси келип жаткан апамдын үнү кайраттуу чыгып, чыйралып, пландарды түзүп, күрөшкө чымырканып калыптыр. Жок дегенде апама дагы бир нече жылга жашаганга дем, мотивация берсин үчүн дагы мен Кудайга ыраазы болушум керек”,- деп айттым эле.

Акыркы жолу апам 2020-жылдын октябрында Бишкекке биздин үйүбүзгө келип, декабрда кетти. Айылга кетээринде мага: “Уулум, бүгүнкүлөргө (бийликтегилер дегени) ишенбе! Адамдар антип айтып жатат, минтип айтып жатат деп уга бербе, жүрөгүң айтканды, көңүлүңө жакканды кыла бер!”,- деп бата берген. Ал апамдын акыркы кеңеш-керээзи экен, көрсө…

Количество просмотров: 2313