• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Эми жарандар тиркеме аркылуу коомдук транспортту көзөмөлдөй алышат

29 Чын куран 202310:51 Бишкек Govori.TV

Эми Бишкек шаарында жашагандар «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинин «Автобус» бөлүмүнөн автобустардын кыймылын көзөмөлдөй алат. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эми тиркемеден мурда бар болгон автобустардан тышкары № 2, 9, 10, 11, 12, 17, 21, 34, 41, 46, 360 коомдук транспорттун жүрүүсү боюнча кошумча маалымат алууга болот.

Кошумча функцияны колдонуу үчүн тиркемени жаңыртуу же жаңы колдонуучу болсоңуз төмөнкү шилтемелерден жүктөп алуу керек: Play Market: play.google.com, App Store iOS: apps.apple.com

Мобилдик тиркемеден тышкары, Бишкек мэриясынын порталынан шилтеме боюнча коомдук транспорттун жүргөн жерин байкоого болот.

Количество просмотров: 127