• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Эмилбек Каптагаев: Президент Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен кезиккенде кен байлыктар жөнүндө кеп козгоду

16 Аяк оона 2019 9:21 Бишкек Govori.TV

Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, өлкөдөгү коомдук-саясий абалды талкуулашты. Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев жолугушууда Президент Сооронбай Жээнбековдун кен байлыктарга карата, аларды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча, лицензия берүүнү тартипке салуу боюнча пикирлери жакты, колдоого арзыйт, деп социалдык тармактардагы өздүк баракчасына жазды.

Анын «Кыргызкөмүр» жана «Кыргызалтын» ишканалары баардык кен казылып жаткан жерлерде үлүшкө ээ болуп, мамлекеттик кызыкчылыктарды камсыз кыла ала тургандай ыйгарым укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү болууга тийиш деген пикирин кантип колдобой коюуга болот. Бул ойду ишке ашыруу механизми катары мурда жеке ишкерлерге, менчик ишканаларга же чет элдик инвесторлого берилип кеткен кен байлыктардагы үлүш аталган эки акционердик коомдун акцияларына алмаштырылууга тийиш деп эсептейт экен Сооронбай Шарипович. Жөн эле зордукка салып тартып алуу керек деген чакырыктарга караганда бул таза рыноктук жол, мыйзамдуу жол, — дейт Эмилбек Каптагаев.

Мисал катары Каптагаев «Кыргызкөмүр» ишканасынын акциялары көмүр казып иштеп жаткан ишканалардын үлүшүнө айырбашталат, тиги ишканалар «Кыргызкөмүр» ишканасында үлүшкө ээ болуп калышат, ал эми «Кыргызкөмүр» болсо алардан үлүшкө ээ болот, деп келтирди.

Ошондо көмүр жана алтын кендеринин баарында (башка кен байлыктарда деле) мамлекеттик үлүш бар болуп калат. Учурунда (1995-жылы) алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүгө мамлекеттик монополияны жана көзөмөлдү кайра калыбына келтирүү үчүн ушу механизм колдонулган, «Кыргызалко» ишканасын түзүү жана жеке менчик арак жана спирт заводдорунда мамлекеттин үлүшүн камсыз кылуу үчүн сунуш кылынган. Ошол сунушту даярдап, ага тиешелүү укук-ченем актыларынын долбоорлорун даярдаган Өкмөттүн жумушчу тобуна мен жетекчилик кылган элем.

Количество просмотров: 88