Бишкектеги Ленин райондук сотунун имаратынын алдында “Манас” аэропортунун башкармалыгынын мурдагы төрагасы Эмир Чукуевдин тарапташтарынын акциясы өттү.
Алар Чукуев негизсиз камалганын айтып, ден соолугу начарлап кеткендиктен үй камагына чыгарууну талап кылышты.
Эске салсак, Чукуев 9-февралда Түркиянын «Gata havayollari ve tasimacilik» компаниясына эл аралык жүк ташуу боюнча жеңилдикти мыйзамсыз берген жана ошонун айынан мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп башка бир катар шектелүүчүлөр менен катар кармалган. Ленин райондук сотунун 8-февралдагы чечими менен ал 6-апрелге чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган.