• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Эмне үчүн блогер эркиндикке балдактарга таянып чыкты?

19 Бугу 2019 0:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.05.2019.Govori.TV.

Өзгөн шаарындагы дүкөндөрдү текшерип, мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү видеого тартып, YouTube каналына жүктөп келген блогер Бауржан Кадырбеков абактан чыкты. Анын кылмыш иши кыскартылган. Бирок коомчулукту бир суроо кызыктырды. Эмне үчүн блогер эркиндикке балдактарга таянып чыкты?

Мурда блогерге күч колдонду деген маалымат чыккан. Бирок Ош облустук ички иштер башкармалыгы бул маалымат чындыкка дал келбейт деп айткан.


«Медициналык кызматкерлер ур токмокко алынгандыгын тастыктаган жок»,- деп айтылат маалыматта.

Блогердин эркиндикке чыгууга белсенип турган видеосун Ош облустук ички иштер башкармалыгы Facebook баракчасына жарыялады. Бауржан ага колдоо көрсөткөн элге ыраазычылыгын билдирди. Мындан сырткары Ош облустук милиция кызматкерлерине да акыйкат тергеп бергени үчүн ыраазычылыгын айтты.

https://youtu.be/Vwf0jxLt3o8?fbclid=IwAR1bIfn7TbywPfggve6yPbulTv2znXcMGg8FKWW1pkV4auA3XcQ-GGTihEo
Количество просмотров: 14