• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Энергетика министринин орун басары кармалды

19 Кулжа 2023 15:41 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары М.Ж. (Жакыпов Мирлан Мустафаевич) жана “Кыргызкөмүр” МИнин коммерциялык директору А.С. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, энергетика тармагындагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, анын карамагындагы “Кыргызкөмүр” МИнин, “Ысык-Көл кемечилиги” жана Балыкчы шаарындагы жүктөө-түшүрүүчү пункту филиалдарынын кызмат адамдарына карата, Бишкек шаарындагы ЖЭБге багытталган көп миллиондук көмүрлөрдү уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө.

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, тергөө тарабынан 2021-2023-жылдар аралыгында “Кара-Кече” кенинен Балыкчы шаарына чейин көмүрдү оор жүк ташуучу унаалар менен, андан кийин Балыкчыдан Бишкектин ЖЭБине темир жол аркылуу ташуу учурунда жогоруда аталган министрликтин жана ага караштуу мекемелердин жогорку кызматтагы кызматкерлеринен турган “көмүр мафиясынын” мүчөлөрү тарабынан 15 960,81 тонна, кеминде 40 миллион сомдон ашык көмүр уурдалганы аныкталды.

Натыйжада борбор калаадагы ЖЭБтин иши үзгүлтүккө учуратылып, мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилген, жогорудагы коррупциялык кылмыштарга катышкандыгы үчүн, 2023-жылдын 18-июнунда УКМК тарабынан КР Энергетика министринин орун басары М.Ж., ошондой эле “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору А.С. кармалды.

УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Количество просмотров: 144