• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Эрдоган: “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтөт”

27 Баш оона 2019 11:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.08.2019.Govori.TV.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтөт. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Малазгирт жеңишинин 948 жылдыгы үчүн уюштурулган аземде сөз сүйлөп жатып кошумчалады.

Ата спортторун коомчулукка тааныта турчу көптөгөн долбоорду ишке киргизгендерин айткан Эрдоган: «Өзгөчө жаа атуучулар фондубуз жана Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы абдан маанилүү иштерди жүргүзүүдө. Келээрки жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда өткөрүлөт»,-деди Режеп Таййип Эрдоган.

Эске салсак, 2018-жылдын 2-сентябрында Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары Кыргызстанда башталып, 8-сентябрда аяктаган. Ачылыш аземи Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда болуп, мелдеш улуттук спорттун 37 түрү боюнча өткөн. Ага дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнөн 3000дин тегерегинде спортчу катышып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эстафета катары Түркияга берилери айтылган.

Количество просмотров: 18