• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Эрдоган Путиндин чакыруусу боюнча Орусияга иш сапары менен барды

22 Тогуздун айы 2019 19:19 Бишкек Govori.TV

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирияда Евфрат дарыясынын чыгыш жагында башталган «Тынчтык булагы» операциясына берилген тыныгуунун мөөнөтү бүгүн кечинде толо турганын эске салып, «Берилген убадалар орундатылбаса, операция дагы чечкиндүү түрдө калган жеринен улантылат»,-деди.

Эрдоган, Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Орусияга бир күндүк иш сапары менен барды.

Эки лидер, Сочиде жолугушуп басма сөзгө кыскача маалымат берген соң бетме-бет жолугушууга өттү.

Президент бараар алдында аэропортто маалымат берди.

Бир күндүк сапарынын алкагында Путин менен Сочиде жолугуша тургандарын маалымдаган Эрдоган, Түркия-Орусия карым-катнаштары менен катар Сирия баш болгон аймактык жана эл аралык маселелер туурасында пикир алмаша тургандарын айтты.

Түркия-Сирия чек арасын бойлото террор тилкесинин курулуусуна уруксат берилбей турганын баса белгилеген президент, Орусиядан бул чек арада пландалган Коопсуз тилке үчүн колдоо күткөндөрүн белгилеп, «АКШ менен (бейшемби күнү) жетишилген меморандумга ылайык аймактагы бардык террористтердин чыгартылышы үчүн бүгүн акыркы күн. АКШнын өлкөбүзгө берген убадалары орундатылбаса операциябызды калган жерден бул ирет дагы күчтүү чечкиндүүлүк менен улантабыз»,-деп айтты.

Эрдоган, Франциянын президенти Эммануэль Макрондун «Тынчтык булагы» операциясына берилген тыныгуунун мөөнөтүнүн узартылышы жөнүндөгү сунушу болгонунун эске салынганы боюнча, «Мага мындай сунуш келген жок. Макрон мындай нерселерди (ПКК/ПЙДга мүчө) террористтер менен сүйлөшүүдө. Ансыз деле биздин бул темада сүйлөшө турган тарабыбыз Франция эмес»,-деп айтты.

Булак: trt.net.tr.

Количество просмотров: 78