• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Эргешов: Bigser компаниясы эрежелерге баш ийбегендиктен олимпиадалык форманы тикпейт

17 Бирдин айы 2020 12:41 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык Bigser Sport компаниясы эрежелерге баш ийбегендиктен Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына спорттук форманы тикпейт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Улуттук олимпиадалык комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов билдирди.

Анын айтымында, Bigser Sport компаниясы 2012-жылга чейин кыргызстандык спортчулардын спорт кийимдерин тигип келген.

«2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиада оюндарында Bigser компаниясынын спорттук кийимдеринде бир катар кемчиликтер болгон. Алар спорттук кийимде Олимпиада комитетинин эмблемасын коюп койгон жана жарнама, брендди жайгаштыруу боюнча эрежелерди сактаган эмес. Ошондой эле форманын жарымын өз учурунда тигип берген эмес. Мындан улам Bigser компаниясы менен спорттук кийимди тигүү боюнча иштешпей калдык», — дейт Эргешов.

Ал белгилегендей, кийинки Рио-Де-Жанейродогу Олимпиада оюндарында спорттук кийимди Joma компаниясы тиккен.

Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы кошумчалагандай, дагы бир себеп 2016-жылы Улуттук олимпиада комитети демөөрчүлүк программаны жарыялаган.

«Демөөрчүлүк программаны жарыялаганда кытайлык Tectop компаниясы жеңип чыккан. Биздин талабыбыз боюнча компания биринчи Азия оюндарына, экинчи жаштар арасында олимпиада оюндарына бекер спорттук форма тигиши керек. Андан кийин гана Олимпиадага кийим тигүүгө уруксат алат. Кытайлык компания Индонезиядагы Азия оюндарына 250 комплект, жаштар арасындагы олимпиадага 50 комплект спорттук кийим тигип беришкен. Эми Токиодогу оюндарга дизайн конкурсу жыйынтыктагандан кийин спорттук кийимдерди тигип беришет», — деди ал.

Эргешовдун айтымында, Олимпиадага бара турган спортчулардын спорттук кийимдеринин дизайнын тандоо конкурсу февраль айынын аягында жыйынтыкталат.

Количество просмотров: 139