Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурунку башкы консулу Эркин Сопоков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Сопков 2020-жылдын 28-январына чейин камакта болот. Ал 28-ноябрда кармалган болчу.
Башкы прокуратура тарабынан Э.Сопоковго карата төмөнкү беренелер боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды:
— Жазык кодексиндеги 320-берененин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу). 34 СС 2902 дипломатиялык номуру тагылган «Лэнд Ровер-Рэндж Ровер» унаасын башка адамдарга, анын ичинде А.Саимаитиге берүү факты;
— Жазык кодексиндеги 323-берененин 2-бөлүмү (мыйзамсыз баюу). Сопоковдун 200 000 доллар акча каражатын алып, мыйзамсыз баюусу, 47,6 млн сомго кыймылсыз мүлк алуу фактысы;
— Жазык кодексиндеги 320-берененин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу). Сопоков жубайынын чет өлкөдөгү иш сапары үчүн 30 пайыздык төлөм алып, бирок жубайы иш сапарга барган эмес. Ал 31 040 доллар чыгым келтирген.
Түркиянын Стамбул шаарында 10-ноябрда кечинде ишкер Айеркен Саимаитини атып өлтүрүп кетишкен. Анын ысымы Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөдө айтылган болчу.
Ишкер өлтүрүлгөн жерден Эркин Сопоковго таандык 34 CC 2902 консулдук номуру тагылган «Рендж Ровер» үлгүсүндөгү унаа табылган.
Эркин Сопоков «Рендж Ровер» үлгүсүндөгү унаасы эмне үчүн Кытайдын жараны — ишкер Айеркен Саимаити өлтүрүлгөн жердин жанынан табылганын түшүндүрө албаганын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкен.
Кызматтык милдеттерин так аткарбаганы, «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы тууралуу» мыйзамдын жана Дипломатиялык байланыштар боюнча Вена конвенциясынын жобосун одоно бузганы үчүн Эркин Сопоковду кызматынан бошотуу тууралуу президент Сооронбай Жээнбековго сунуштама берилген.
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулган.
Булак: АКИпресс.