• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эркин Сопоковдун баш коргоо чарасы тандалды

30 Жетинин айы 201921:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков 2020-жылдын 28-январына чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды.

Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.

28-ноябрда мурдагы консул Эркин Сопоков УКМКга суракка чакырылып, андан кийин камакка алынган.

УКМКнын түшүндүрмөсү боюнча, Эркин Сопоковго үч эпизод боюнча айып коюлууда. Алардын бири — «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу». Сопоков дипломаттык номер тагылган өзүнө таандык «Рейнж Ровер» үлгүсүндөгү автоунаасын Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге жана башкаларга мыйзамсыз берген деп шек саналууда.

Количество просмотров: 170