• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Эрлан Бекчоро: Сот менен прокурорлор куурчак болуп калдыңар

26 Бештин айы 202216:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту бүгүн, 26-декабрда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган активист Эрлан Бекчоро уулун камакта калтырды. Биринчи Май райондук соту аны 20-февралга чейин камакка алган, шаардык сот бүгүн ошол чечимди күчүндө калтырган чечим чыгарды.

«Сот менен прокурорлор куурчак болуп калдыңар»,-деди ал.

Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын бөгөт чарасын Бишкек шаардык соту бүгүн карай баштады.

Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбеков, активист Акылбек Айтбаев, Марат Баязов боюнча да ушундай эле чечим чыкты.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.
Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 20-февралга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Камакка алынгандардын 20га жакыны 13-декабрдан тарта саясий ачкачылык жарыялаган. Алар бийликтен саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды токтотууну талап кылууда.

Количество просмотров: 253