• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Эрлан Бекчоро уулу: Абактагы Молдокматов ачкачылыгын токтоткон жок

5 Баш оона 2021 14:18 Бишкек Govori.TV

Абакта 27-июлдан бери ачкачылык кармап отурган саясатчы, «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов Улуттук кардиология жана терапия борборунда текшерүүдөн өтүп жатат. Бул тууралуу «Туран» саясий партиясынын социалдык тармактагы баракчасында маалымдалат.

«Абактагы оппозиционер саясатчы Жеңиш Молдокматов ачкачылык жарыялаганына толук 11 күн болду. Буга чейин жактоочусу, Акыйкатчы институту медициналык көзөмөлдөн өткөрүш керектигин айтып келишкен. Бирок, атайын кармоочу жайда доктур жоктугун айтышып, текшерүүдөн өткөрүүдөн баш тартышкан. Бүгүн Жеңиш Молдокматов Улуттук кардиология жана терапия борборуна алынып келинип, медициналык көзөмөлдөн өтүүдө.Анын ден-соолугу начарлаганы менен, бекем карманууда»,-деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Жеңиш Молдокматов акциясын токтотконун «Азаттык” радиосуна 5-августта өлкөнүн акыйкатчысынын аппарат башчысы Аскат Азарбеков билдирген.

Ал эми «Туран» партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу Молдокматов ачкачылыгын токтотпогонун, медициналык текшерүүдөн өтүп жатканын айтты.

Эске салсак, Молдокматов Ички иштер министрлиги тарабынан 6-майда кармалган. Ага 2020-жылдагы октябрь окуяларында «УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган» деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, «октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган» деген кине коюлган. Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалап келет.

Количество просмотров: 142