• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Эрлан Шеров Азия оюндарында алтын медаль утуп алды

26 Аяк оона 2023 15:25 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу КР Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.

Белгиленгендей, Эрлан Шеров 90 кг чейинки салмак ченинде катышып, алгач кытайлык спортчуну 1:0 эсебинде, чейрек финалда Ливандык атаандашын 10:0 эсебинде жана жарым финалда БАЭлик спортчуну жеңип, финалга жолдомо алды. Ал финалда өзбекстандык дзюдочу Давлат Бобоновдун үстүнөн жеңишке жетти.

Ошентип, Эрлан Шеров Азия оюндарында Кыргызстандын капчыгына алгачкы алтын медалды алып келди.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында Азия континентинен 45 өлкө катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. Иш-чара 8-октябрга чейин уланат.

Количество просмотров: 119