Өлкө боюнча улгайгандардын саны 91 миңге (22 %га) көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы кабарлады.
Кыргызстанда карылардын саны жаштардан көбөйүп баратат. Ушул жылдын башында 65тен жогорку курактагылар 301 миңдей адамды же кыргызстандыктардын 4,7 %ын түзүп турган. Буга карабастан, КМШнын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу бул көрсөткүч бир топ төмөн болгон,–деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, 1990-жылдын 14-декабрында БУУнун Генералдык Ассамблеясында 1-октябрь Эл аралык карылар күнү деп жарыяланган. Эң биринчилерден болуп карылар күнүн Европада андан соң Америкада, ал эми 1990-жылдын аяк ченинде бул майрамды бүткүл дүйнө белгилей баштаган.