• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Эртең Бишкекте сирена үнү жаңырат

1 Тогуздун айы 2019 15:38 Бишкек Govori.TV

2019-жылдын 2-октябрь күнү саат 11:00 тартып Бишкек шаарынын калктуу конуштарында калкты кабарлоо системасы аркылуу сирена үндөрү жаңырат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жарандык коргонуунун даярдык мерчемине ылайык Бишкек шаарында командо-штабдык машыгуу өткөрүлөт.
Ошого байланыштуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарынын тургундарына сиренанын үнүнө тынчсызданбоону эскертет.

Иш-чаранын негизги максаты, калкты өзгөчө кырдаалдардан сактоо, ар кандай кырдаалдарга даяр болуу.

Количество просмотров: 85