• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Эртең Бишкектин айрым аймактарында таза суу жок болот

21 Тогуздун айы 202416:56 Бишкек Govori.TV

22-октябрда Бишкектин айрым аймактарындагы турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объекттерге ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «Ала-Тоо 1», «Ала-Тоо 2» конуштарында саат 9:00дөн 20:00гө чейинки аралыкта суу жок болот.

Ала-Тоо конушундагы жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Количество просмотров: 165