Бишкектин айрым жерлеринде 2-апрелде суу өчүрүлөт, деп билдирет мэриянын маалымат кызматы.
«Контррезервуар» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу саат 09:00дөн 19:00гө төмөндү даректерде ичүүчү суу токтотулат.
«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.