• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчөт

22 Чын куран 2024 12:50 Бишкек Govori.TV

Эртең, 23-апрелде Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө таза суу берүү токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 23-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин

  • Абаканов көчөсү — Дэн Сяопин проспекти – Костанай көчөсү – темир жол линиясы,
  • Кустанай көчөсү — Волков көчөсү – Садыгалиев көчөсү, Дэн Сяопин проспекти менен чектешкен аймакта суу болбойт.

Суу Киркомстром суу алгыч жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Количество просмотров: 94