• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Эртең Бишкектин борбордук районунда суу болбойт

23 Чын куран 2021 16:25 Бишкек Govori.TV

26-апрелде эртең мененки саат 9:00дөн кечки саат 20:00гө чейин Бишкектин борбордук районунда суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Абдрахманов, Фрунзе, Күрөңкеев көчөлөрүнүн жана Жаш гвардия проспектиси аймагында ичүүчү суу болбойт.

Мындай чаралар «Белинский» суу тосмосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө жүргүзүлгөн оңдоо иштерине байланыштуу болууда.

Суу менен камсыздоого байланыштуу кандай суроо болбосун шаар бийлиги  төмөндөгү номерлерге чалып маалымат алса болорун эскертет.

0554 182-185.

Количество просмотров: 384