• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Эртең президенттик шайлоо өнөктүгү башталат

14 Бештин айы 2020 17:04 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерди каттоону аяктады, шайлоо өнөктүгү эртең, 15-декабрда башталат. Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

«Конституциялык мыйзамга ылайык, үгүт иштери шайлоого 35 күн калганда башталат. Бирок бул кезексиз шайлоо болгондуктан, үгүт жараяны 26 күн калганда башталат. Президенттикке талапкерлер программасын тааныштыруу үчүн шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүүнүн эрежелери жана ченемдери конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн, мындан тышкары аларга мамлекеттик КТРК жана ЭЛТР телеканалдарында акысыз эфирдик убакыт берилет», – деп билдирген ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт. БШК ага катышууга ниетин билдирип, тиешелүү шарттарды аткарган 18 адамды 12-декабрда президенттикке талапкер кылып каттап, күбөлүк берди. 9-январга чейин бир айлык үгүт иштери жүрөт.

Количество просмотров: 95