12-ноябрь күнү, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрөт. Бул тууралуу анын катчысы Галина Байтерек билдирди.
Анын айтымында, Жапаров коомчулуктагы актуалдуу суроолордун баарына жооп берет.
“Эртеңки жыйынды жыйынтыктоочу маалымат жыйын десек болот. Анткени Садыр Нургожоевич журналисттердин бардык суроолоруна жооп берип, көңүлү ток кеткиси (шайлоого — ред.) келип жатат”, — деди Байтерек.
Кошумчалай кетсек, Жапаров алдыдагы президенттик шайлоого катышуу үчүн өлкө башчысынын ыйгарым укуктарын 14-ноябрга чейин өткөрүп бере турганын 3-ноябрда жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде билдирген.