• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Эсеп 0:1. Кыргызстан менен Монголия беттешинин 1-бөлүгү аяктады

7 Кулжа 2021 13:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-июнда Жапониянын Осака шаарында Кыргызстан менен Монголиянын футбол боюнча улуттук курама командалары футбол боюнча Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын 2-раундунда беттешип жатат.

Учурда оюндын биринчи бөлүгү жыйынтыктап, азырынча эсеп боюнча Монголия алдыда. Оюндун 35-мүнөтүндө каршылаштар 1 гол киргизишкен.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын машыктыруучулук штабы, администрация, оюнчу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Эржан Токатаев, Кутман Кадырбеков жана Кашуба Валерий коронавируска шектелип оюндан четтетилген.

Мындай маалымат, беттеш башталаардан 2 саат мурун гана белгилүү болгон. Кыргызстандын курама командасы дарбазачыларсыз ойноого туура келген. Акыркы кырдаалды эске алып, дарбазада коргоочу катары Айжар Акматов чыгат.

Количество просмотров: 490