Кыргызстан менен Омандын футбол боюнча улуттук курамаларынын беттешинин биринчи бөлүгү аяктады.
Эсеп 1:0, Кыргызстан курамасы алдыда келе жатат.
Беттештин 19-мүнөтүндө кыргыз курамасынын футболчусу Элдияр Зарыпбеков атаадаштын дарбазасына гол киргизип, эсепти ачты.
Мелдеш Омандын Маскат шаарындагы “Султан Кабус” спорт комплексинде өтүүдө.
Белгилей кетсек, футбол боюнча улуттук курамалар 2026-жылкы дүйнө чемпионаты жана 2027-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын экинчи раундунун жыйынтыктоочу турунун алкагында оюн өткөрүүдө.
Буга чейин Кыргызстандын курамасы Малайзия командасы менен кез келип, оюн тең чыгуу менен аяктаган.