• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Экономика министрлиги Кыргызстанда баалар кескин көтөрүлбөй турганын билдирди

23 Жалган куран 202215:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда баалар кескин көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында КР экономика жана коммерция министринин орун басары Элдар Алишеров билдирди.

Анын айтымында, учурда азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу майдын баалары өсүп жатат жана мындан ары дагы өсө бермекчи. Бирок министрдин орун басары кескин өзгөрүүнү четке какты.

“Кескин өзгөрүү стихиялуу болбойт, башкача айтканда, баалар 50%га кескин көтөрүлбөйт. Импорттук инфляция болбошу үчүн биз товарларды кыйла чектелген баада жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз”, — деди ал.

Ал ошондой эле антпесе жөнгө салуу саясаты колдонулуп, алып-сатарлык менен активдүү күрөш жүргүзүлөрүн белгиледи.

“Мындай тажрыйба бизде бар, мындай абалдан 2020-жылы өткөнбүз. Бирок азырынча баалардын спекуляциялык өсүүсүн байкай элекпиз”, — деп кошумчалады Алишеров.

Количество просмотров: 124