• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Селден кийин Барскоон — Ак-Шыйрак жолу бекемделүүдө

21 Баш оона 20249:42 Бишкек Govori.TV

Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунда селден кийин жол жээктерин бекемдөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдири.

Маалыматта айтылгандай, жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери аталган унаа жолдун 53-208-чакырымын тегиздеп жатат.

Кошумчалангандай, Барскоон-Тамга автожолундагы 1,2 чакырым аралыкка асфальт-бетон төшөө үчүн даярдыктар башталды.

Количество просмотров: 118