Бишкек. 29.07.2019.Govori.TV
Эсеп палатасынын инспектору Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигиндеги финансылык тартип бузууларды жашырган деп шектелүүдө. Бул тууралуу 29-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.
Эсеп палатасынын башкы инспектору А.Н. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, агенттиктеги кызматкерлердин каржылык укук бузууларын жаап жашырган-деп айыпталууда.
Кылмышка шектүү кызматкер Жазык кодексинин 320-беренеси боюнча айыпталууда.
Ал Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайына бир айга камалды.