• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Эсепчиси 40 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

20 Баш оона 201912:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 20.08.2019. Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси 40 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.

Мекеме ишкер пара берип жатып аны тартып алганын билдирип, видеосун жиберди. Ошондой эле роликте эсепчи унаасынын жанынан кармалганы көрсөтүлөт.

Ишкер каржы полициясынын аймактагы башкармалыгына айыл өкмөттүн эсепчиси андан курулуш материалдар боюнча уткан тендер үчүн 74 миң сом талап кылып жатканын айтып кайрылган.

Эркек киши 14-августта кармалган. Пара талап кылуу боюнча сотко чейинки иштер жүрүп жатканы белгилүү болду.

Количество просмотров: 15