КР ЭПсы «Кыргыз темир жолу» МИда, Бишкек мэриясында («Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу» долбоору) жана КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде (Азия өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобундагы “Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу, 2-фаза, “Арал-Казарман” участогу” жана “Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун реконструкциялоо, 159 км-183 км, 3-фаза” долбоорлору) каржылык тартип бузуулар аныктады.
2023-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынга Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү, Аппараттын кызматкерлери, ошондой эле текшерилген объектилердин өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» МИнын 2021-жылга карата ишмердүүлүгүнүн шайкештик аудити, 2013- 2021-жылдардагы мезгил аралыгындагы “Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоорунун кредиттик жана гранттык каражаттарынын натыйжалуу пайдаланышына, «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин Азия өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобундагы “Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу, 2-фаза, “Арал-Казарман” участогу” жана “Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун реконструкциялоо, 159 км жана 183 км, 3-фаза” долбоорлорунун ишке ашырылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттеринин отчеттору каралды.
«Кыргыз темир жолу» УК» МИда жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча 1 227 609,4 миң сомдук каражаттарды чыгымдоодо төмөнкүдөй каржылык тартип бузуулар жана кемчиликтер аныкталган, анын ичинен:
Бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери – 148 309,5 миң сом, анын ичинде:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин Азия өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобундагы “Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу, 2-фаза, “Арал-Казарман” участогу” жана “Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун реконструкциялоо, 159км-183км, 3-фаза” долбоорлорунун ишке ашырылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча АКШнын 52 594,9 доллар суммасындагы каржылык тартип бузуулар аныкталган.
2-фаза, “Арал-Казарман” участогу” жана “Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруу” долбоору боюнча China Road and Bridge Corporation подрядчысы тарабынан иш көлөмүн 52 594,9 АКШ долларына ашыкча баалоо аныкталган.
Андан тышкары, аудиттин жыйынтыгында 2-фаза долбоору боюнча 3 эстакадалык көпүрөнү жана 1-фазадагы 2 галереяны долбоорлоого багытталган 530,0 миң долларга жумуштун көлөмүн кыскартуунун натыйжасында ссудалык каражаттардын үнөмдөлгөн суммасы аныкталды, бул жеңилдетилген кредиттик келишимдердин шарттарын бузуу болуп саналат.
Отурумдун жыйынтыгында токтомдор кабыл алынып, Эсеп палатасынын тапшырмалары жана сунуштары аудит объекттерине жөнөтүлөт. Ошондой эле аудиттин материалдары тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.