• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Эшектин сүтүнөн жасалган сырдын баасы канча?

19 Аяк оона 2019 11:57 Бишкек Govori.TV

«Даамы кызык экен, башка тамакка салыштыра албайсың» деп Сербиянын мурдагы депутаты Слободан Симич эшектин сүтүнөн жасаган сырга мүнөздөмө берди. Бул тууралуу chyndyk_kg агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, ал бул бизнести биринчилерден болуп баштаган. Симич мырза эшектин сүтүнөн сырдын бир нече түрүп чыгарат. Өндүрүштүн көлөмү абдан аз болгондуктан, сырдын бир килограммы 1100 долларга бааланат.

«Биз 50 грамм кылып бөлүп сатабыз. Ал он кишиге жетет. Эшектин сүтүнөн жасалган сырды андан көп жей албайсың», — дейт ал.

Симич жылына 50 килограмм сыр өндүрөт жана экспортко карата талаптардан улам башка өлкөлөргө чыгара албайт. Ага карабастан дүйнөдөгү бай адамдар Сербияга атайын сыр сатып алуу үчүн учуп келишет.

Эшектер дүйнө жүзүндөгү көп аймактарда көлүк катары эле колдонулуп, айыл-чарба иштерине пайдаланып келишкен. Айрым өлкөлөрдө эшектин сүтү дарылык үчүн колдонулат, бирок эч бир мамлекетте бул жаныбардын сүтүнөн сыр жасалбайт.

Анткени эшектин сүтүндө казеин аттуу белоктук компоненти жок. Демек, эшектин сүтү уюбайт. Симич маселени чечүү үчүн технологду жалдап, жашыруун формуланы иштеп чыккан.

«Формуланы бир гана технологум билет. Мен дагы билбейм», — дейт Симич.

Количество просмотров: 234