Бүгүн, 20-июнда ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйыны учурунда депутат Улан Бакасов менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун ортосунда пикири келиштестик орун алды.
Депутат Байсаловго карата «эсиңиз барда этегиңизди жыйыңыз» деп айтып, депутаттардын дарегине орой мамиле кылуудан алыс болууну жана этиканы сактоого чакырды.