• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Эск-мэрлердин соту: Айыпталуучуга тез жардам кызматы чакыртылды

6 Жетинин айы 201911:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-ноябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иши боюнча соттук отурум улантылды.

Соттук отурумдун жүрүшүндө мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Сталбек Өмүрканов өзүн жаман сезип, аритмия оорусу (жүрөктүн согуу ыргагынын бузулушу) бар экенин билдирди.

Судья тыныгуу жарыялады. Айыпталуучуга тез жардам кызматын чакырышты.

Соттук териштирүүнүн алкагында Өмүрканов жана 4 айыпталуучу УКМКнын абагына камакка алынган. Мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Кулматов мэр болуп иштеп жатканда курулган Калыс-Ордо конушундагы мектеп боюнча суралып жатат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2014-жылы Кулматов ТВЕА компаниясы Бишкек ЖЭБди модернизациялоонун алкагында эки жаңы мектептин курулушу үчүн берген 2 млн доллар грантты мыйзамсыз пайдаланган.

Булак: АКИпресс

Количество просмотров: 112