• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эскертүү! 21-22-августта Бишкек менен Чүйдөгү айрым көчөлөр жабылат

19 Баш оона 202516:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 21-22-август күндөрү Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары менен келет.

Мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараны өткөрүүгө байланыштуу, коомдук тартипти сактоого жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга 3500гө жакын милиция кызматкерлери тартылат. Ички иштер органдарынын кызматкерлери расмий иш-чараларды өткөрүү мезгилинде күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшөт.

Делегациянын кортежи өткөн учурларда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет: “Манас” аэропортунан Мамлекеттик резиденцияга, андан кийин Дооронбек Садырбаев көчөсү менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейин.

«Урматтуу жарандар, иш-чаранын маанилүүлүгүн эске алуу менен киргизилген чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз. Тыгындардын алдын алуу үчүн жол багытыңыздарды алдын ала мерчемдеп алууну, жол кыймылынын эрежелерин сактоону жана унааларды борбордун көчөлөрүнүн боюна калтырбоону сунуштайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 161