• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эскертүү! Ашыкча жүк жүктөгөн айдоочулар айыпка жыгылат

7 Тогуздун айы 202416:13 Бишкек Govori.TV

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө максатында текшерүү иштери үзгүлтүксүз уланып жатканын билдирет.

Министрликтин маалыматы боюнча, Транспорт департаменти өлкөнүн өнүгүшү үчүн стратегиялык, социалдык, экономикалык мааниге ээ болгон жолдор аркылуу азыркы учурда көмүр ташып жаткан айдоочуларды жана тиешелүү мекеме-ишканаларды жолдун талкаланышын алдын-алуу максатында мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.

Ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 181-беренеси боюнча (салмак-габариттик өлчөмдөрдүн белгиленген ченемдерин сактаган эмес) тиешелүү протоколдор толтурулуп, анын негизинде айып пулдар салынат.

Транспорттук көзөмөл бардык аймактык башкармалыктар тарабынан жүргүзүлүп келет.

Количество просмотров: 136