• Шейшемби 9 Кулжа 2026
  • Вторник 9 Июнь 2026

Эскертүү! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

25 Жалган куран 202412:36 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 25-мартынан 28-мартына чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондоруна кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

– Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кызыл-Адыр унаа жолунун 68-113 чак. (Чапчыма ашуусуна), Кызыл-Бел-Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымына;

– Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чак. (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260 чакырымынын (Ала-Бел ашуусуна, Чычкан капчыгайына).

Аталган аймактарга кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Мындан улам жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 64