Биз дагы Конституциялык укугубуздан пайдаланып ѳзүбүз киргизген мыйзам долбоорду коом алдында талкуулоо максатында 2019-жылдын 24-ноябрында эски аянтта, В.И. Лениндин эстелигинин алдында элдик талкууга коебуз. Бул туурасында Элдик Курултайдын уюштуруучулары билдиришти.
Алардын айтымында, элдик талкууга Жогорку Кеңеште 4 айдан бери каралбай жаткан, элдик демилге менен киргизилген мыйзамды жана жаңыдан даярдалган «Кыргызстандын кен-байлыктарынын 51% кем эмеси Кыргызстандын элинин үлүшү экенин» тааныган бир нече мыйзам долбоорлорду чыгарышат.
«Бул элдик угууга Президенттик аппараттан жооптуу кызматкерлер, Жогоку Кеңештин депутаттары, КР Ѳкмѳт башчысы М. Абылгазиев — персонально, ж.б. Ѳкмѳт мүчѳлѳрү, коомдук-саясий ишмерлер, ММК ѳкүлдѳрү расмий чакырылат», — деп айтылат маалыматта.